Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:56

COVID-19: Оору жугузуп алган 144, кайтыш болгон 21 дарыгер боюнча кенемте төлөндү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт коронавирус жугузуп алган медицина кызматкерлерине жана бул оорудан каза болгон дарыгерлердин жакындарына кенемте төлөп берүү тууралуу маалымат берди. 11-сентябрда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдиргендей, жалпысынан 165 адам үчүн каражат бөлүндү.

«Өкмөттүн 2020-жылдын 4-майындагы буйругунун негизинде бүгүнкү күндө 144 медицина кызматкерине 200 миң сомдон бир жолку акчалай компенсация төлөнүп берилди. Ал эми каза болгон 21 медкызматкердин үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон төлөндү», - деди Акматова.

Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 3 163 медкызматкерге жукту, алардын 2 657си айыкты, каза болгондор 70тен ашты. «Азаттыктын» маалыматына караганда, кайтыш болгондор 80ден көп.

«Кызыл зонада» иштегендерге өкмөт айлыгына кошумча төлөп берүүгө да убада берген. 8-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов бул үчүн жыл аягына чейин бир миллиард 425 миллион сом чектөө каралып жатканын билдирген.

Саламаттык сактоо министрлигинин финансы бөлүмүнүн жетекчиси Мухтарбек Баймырзаев «Азаттыкка» 9-сентябрда билдиргенине караганда, эпидемиянын алдын алуу жана ооруга каршы күрөшүү максатында ишке тартылган адистердин кошумча эмгек акысы үчүн март-июль айларында бюджеттен 785,4 миллион сом каражат бөлүнүп, анын баары иштегендерге төлөнгөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG