Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:01

АКШда 11-сентябрь теракттарында курман болгондор эскерилет


11-сентябрь теракттарына арналган мемориал. Нью-Йорк шаары, АКШ.
11-сентябрь теракттарына арналган мемориал. Нью-Йорк шаары, АКШ.

Кошмо Штаттарда 2001-жылдагы теракттардын курмандыктары эскерилет. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу бул ирет иш-чаралар башкачарак өтмөкчү. Президент Дональд Трамп жана демократтардын президенттикке талапкери Жо Байден Пенсилваниядагы Улуттук мемориалга өз-өзүнчө барууну пландап жатышат.

Нью-Йорктогу 11-сентябрь мемориалында жана музейде адаттагыдай болуп каза болгондордун жакындары чогулуп, ысымдарын окушпайт. Жабыркагандардын айрымдары иш-чара эмоционалдык жактан мурдагыдай күчтүү болбойт деп нааразы болуп жатышат. Бир катар уюмдар өз алдынча эскерүү уюштурганы камынууда. Аларга вице-президент Майк Пенс катышмакчы. Байден Нью-Йорктогу негизги иш-чарада болуп, кийин Пенсилванияга аттанат.

2001-жылдын 11-сентябрында болгон кол салуу үч миңдей кишинин өмүрүн кыйган. Басымдуу көбү «аль-Каиданын» согушкерлери ала качкан учактар Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун эгиз мунараларына барып сайылганда өлгөн. Дагы бир учак жүргүнчүлөр террористтерге туруштук бергенден кийин Пенсилвания штатында кулап түшкөн. Андан тышкары Коргоо министрлигинин имараттарына чабуул коюлган.

АКШ тарыхындагы эң кандуу теракттан кийин америкалык аскерлер Ооганстанга, кийин Иракка киргизилген.

XS
SM
MD
LG