Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:16

Кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган үч киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 10-сентябрда кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган үч адам кармалганын кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстандын жараны Казакстандан Кыргызстанга чек ара өткөрмө бекетинен башка жерден өтүүгө аракет кылган. Аны Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери кармаган учурда тек-жайын аныктаган документтери жок болгон.

Ал эми Өзбекстандын жана Казакстандын жарандары Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз өтүп бараткан учурда Кыргызстандын чек арачылары тарабынан кармалган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин мамлекеттик чек араны бузгандар тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. (BTo)

XS
SM
MD
LG