Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Бишкекте жана Ошто окубай жүргөн 81 өспүрүм аныкталды


Мектепке барбай жүргөн балдарды аныктоо боюнча рейд учурунда тартылган сүрөт.
Мектепке барбай жүргөн балдарды аныктоо боюнча рейд учурунда тартылган сүрөт.

Бишкекте жана Ошто милиция бир катар социалдык мекемелер менен чогуу өткөргөн эки күндүк “Салам, мектеп!” рейди учурунда окубай көчөдө жүргөн 81 бала аныкталды. Бул тууралуу 11-сентябрда “Азаттык” радиосуна Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Бишкекте жалпысынан 203 объект текшерилип, 49 бала аныкталды. Алардын үчөө балдар мекемелерине өткөрүлүп берилип, калгандары ИИМдин Өспүрүмдөр арасында мыйзам бузууларды алдын алуу борборуна жеткирилди.

Ош шаарында сабакка катышпай жүргөн 32 өспүрүм аныкталып, билим берүү мекемелерине жөнөтүлдү. Жашоо шарты оор 60 бала аныкталып, жетөө балдар үйүнө жана интернатка жайгаштырылды. 20 бала мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча борборго жеткирилди.

«Салам, мектеп!» рейди Кыргызстандын бардык аймактарында 7-9-сентябрда өткөн. Коомдук жайлар, соода түйүндөрү, оюн-зоок жайлары, таштанды төгүлүүчү жерлер, күнөсканалар текшерилген. Рейдге жалпысынан эки миңден ашык милиционер, бир миңге жакын мугалим, психолог, социалдык коргоо жана саламаттык сактоо органдарынын өкүлдөрү тартылган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2019-жылы Кыргызстанда мектепке барбай жүргөн 7-17 жаштагы балдардын саны үч миңдин тегерегинде болчу.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу буга чейинки окуу жылы аралыктан окутуу менен жыйынтыкталган болчу. Жаңы окуу жылында биринчи класстар гана мектепке барып окуп жатышат, калган класстардын окуучулары дээрлик аралыктан билим алууда.

Кыргызстанда эки миңден ашуун мектеп бар, окуучулардын саны бир миллиондон ашат. (RK)

XS
SM
MD
LG