Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:05

Наоми Осака АКШнын теннис боюнча ачык чемпионатын жеңди


Наоми Осака
Наоми Осака

Жапониялык Наоми Осака АКШнын теннис боюнча ачык чемпионатын (US Open) утуп алды. Ишембиде Нью-Йоркто өткөн финалда беларустук Виктория Азаранеканы 1-6, 6-3, 6-3 эсеби менен жеңди. Коронавируска байланыштуу турнирдин оюндары күйөрмандарсыз өттү. 22 жаштагы Осака АКШнын ачык чемпионатында ушуну менен экинчи ирет ийгиликке жетти. Ага 3 миллион доллар байге тиймекчи.

Жаш спортчу былтыр Австралиянын ачык чемпионатын да уткан. Чемпион полициянын колунан каза болгон ындыкара америкалыктарга тилектештик билдирип, турнир учурунда улам бир курмандыктын аты жазылган беткап тагынып жүрдү.

31 жаштагы Азаренка Чоң Шлем турнирлерин буга чейин эки ирет, акыркы жолу 2013-жылы уткан.

Эркектер арасында финалда жешембиде австриялык Доминик Тим менен германиялык Александр Зверев беттешмекчи.

XS
SM
MD
LG