Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

«Түндүк электр»: Карыздар ишканаларга электр энергиясын берүү чектелет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Түндүк электр» компаниясы электр энергиясы үчүн карызы бар ишкана-мекемелерге жарык берүү 14-сентябрдан тартып чектелерин билдирди. Чектөө баскыч-баскычы менен жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасы маалымдап, дебитордук карызы барларга ушундай чара көрүлөрүн белгиледи жана миллион сомдон көп карызы барлардын тизмесин жарыялады.

Ишкана азыркы тапта энергетика жабдыктарын жана түйүндөрдү кыш мезгилине даярдоо иши жүрүп жатканын, абоненттерден түшкөн төлөмдөрдүн негизги бөлүгү электр жабдыктарын оңдоп-түзөөгө жумшаларын белгиледи.

Энергетикалык ишкана калкты жана ишкана-мекемелерди электр энергиясы үчүн акыны өз убагында төлөөгө чакырып, 1-сентябрга карата абоненттердин карызы 500,6 миллион сомго жеткенин кошумчалады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG