Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Өзбекстанда эки жигитти сабап койгон кызга карата козголгон кылмыш иши токтотулду


23 жаштагы Гүлсанам.
23 жаштагы Гүлсанам.

Наманган облусунун Нарын районунда эки жигитти сабап койгон Гүлсанам Алижанованын кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Гүлсанам Алижанова жигиттер арызын алганын же бул райондук милиция бөлүмүнүн демилгеси менен чечилгенин так билбейт. Гүлсанам Алижанова 25-июнда көчөдө 30 жана 33 жаштагы эки жигитти сабап койгон. Кызга карата «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул беренеде үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Кийинчерээк кыз көчөдө чолок шымчан турганын, автоунаа менен бараткан жигиттер аны шылдыңдап сөгүшкөнүн, ал такси менен аларды кууп жетип, жазасын бергенин билдирген.

Гүлсанам 23 жашта, ал Наманган мамлекеттик университетинде окуйт. Кыз бокс, каратэ жана таэквондо менен машыгат. Жергиликтүү басылмалар Алижанова Өзбекстандын биринчилигин алып жүргөнүн, жазында Түркиядагы эл аралык мелдешке катышканын жазышты.

Соңку мезгилде ал кайрымдуулук борборлорунун бирине ыктыярчы катары жардам берүүдө. Гүлсанам муктаж үй-бүлөлөрдүн кайрылууларын кабыл алып, азык-түлүк жеткирип берип турат.

XS
SM
MD
LG