Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Иранда балбандын өлүм жазасына тартылышы Эл аралык Олимпиада комитетин тынчсыздандырды


Навид Афкари.
Навид Афкари.

Эл аралык Олимпиада комитети ирандык балбан Навид Афкаринин өлүм жазасына тартылышына тынчсыздандыруу билдирди.

Киши өлтүрүү боюнча айыпталган ирандык балбан Навид Афкари 12-сентябрда өлүм жазасына тартылган.

Навид Афкари Ирандын күрөш боюна чемпиону болгон. Ал 2018-жылы Ирандын түштүгүндөгү Ширазе шаарында өкмөткө каршы нааразылык акцияларында киши өлтүргөн деп айыпталган. Бул иш эл аралык талкуу жараткан.

Афкаринин туугандары жана активисттер укук коргоо органдары аны кыйнап өзүнө каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлашканын айтып келишет. Спортчунун адвокаты анын күнөөсү далилденбегенин билдирген.

Ирандын сот системасы кыйноо жөнүндө дооматтарды четке каккан.

Спортчулардын дүйнөлүк кесиптик кошууну эгер өлүм жазасы иш жүзүнө ашса, Иранды дүйнөлүк спорттон четтетүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG