Чүйдө адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгынын себеби иликтенип жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 14-сентябрдагы маалыматына караганда, кырсык жекшембинин кечинде Аламүдүн районунда болгон. Лебединовка айылында «Lexus RX300» жана «Honda Accord» үлгүсүндөгү машинелер сүзүшө кеткен. Кырсыктын кесепетинен бир адам каза болуп, беш адам жабыркаган.
Куткаруучулар мерт болгон жана жабыркаган адамдарды машинеден чыгарып, «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Соңку бир апта ичинде, ӨКМдин маалыматына караганда, Кара-Сууда эки, Ысык-Көлдө бир, Баткенде эки киши жол кырсыгынан ажал тапты.
Быйылкы жылдын ушул убактысына чейин өлкө ичинде катталган жол кырсыктарынын жалпы эсеби тууралуу маалымат таратыла элек.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 2019-жылдын алгачкы тогуз айында 4694 жол кырсыгы болгон. Бул 2018-жылга салыштырганда 12,3% көп. (RK)