Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:37

Чүйдө өрт өчүрүүчү кызматкер жумуш учурунда жабыркады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө өрт өчүрүүчү кызматкер жумуш учурунда жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык 13-сентябрда Сокулук районуна караштуу Манас айылында болгон.

Кездеме калдыктарын кайра иштетүүчү цехтин жыгач устундуу, темир жабылган 700 чарчы метр чатыры жана ичиндеги үч тонна кездеме калдыктары күйгөн. Кырсык болгон жерге барган өрт өчүрүүчү-куткаруучу адис бетинен жана колунан жараат алган. Азыркы учурда анын абалы туруктуу деп мүнөздөлүп жатат. Өрттүн чыгышына эмне себеп болгону териштирилип жатат.

Соңку бир күндө республиканын аймагында 18 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 21 бөлүм тартылды.

Кыргызстанда 2019-жылдын 10 айында 3,5 миңдей өрт кырсыгы катталып, 36 адам каза болгон. Быйылкы жыл боюнча расмий статистика жарыялана элек. (RK)

XS
SM
MD
LG