Бишкекте жугуштуу ичеги-карын илдеттерине чалдыккандар боюнча көрсөткүч жылдагыдан жогору эмес. Бул тууралуу 14-сентябрда «Азаттыкка» Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиев билдирди:
«Кечээ биздин ооруканага 92 адам кайрылды, алардын 40ы ичеги-карын оорусу менен. Көбү балдар, 5-6сы гана чоңдор. Былтыркы же мурдагы жылдарга салыштырганда катардагы эле көрсөткүч. Чукул көбөйүп кеткен көрүнүш жок».
Алиев ичеги-карын ооруларын вирустар да, бактериялар да козгошу ыктымал экенин кошумчалады.
Соңку күндөрү Бишкекте балдары кусуп, денеси ысыганын айткандар көп кездешип жатат. (RK)