Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

«Media CAMP-2020» - Борбор Азия фестивалы башталды


Борбор Азия мамлекеттеринде журналистика багытындагы иштеген адистердин «Media CAMP-2020» фестивалы башталды. Иш-чара Алматыда онлайн өтөт. 14-19-сентябрь аралыгында тренинг, лекция, талкуулар уюштурулат. Тажрыйбалуу адистер менен журналисттер пикир алмашат. Фестивалга Казакстандан, Кыргызстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана Түркмөнстандан 500дөн ашуу киши катышат.

Соңунда журналисттер арасында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталат. Уюштуруулар кабарлагандай, сынакка 314 эмгек сунушталып, 59у финалга чыккан. Алардын арасынан «Бийлик жана коом», «Чексиз муун - мүмкүнчүлүктөрдүн мезгили», «Жардам берүү мезгили» жана «Баатырлар арабызда» номинациясында жеңүүчүлөр аныкталды. Алар 19-сентябрда сыйланат. Жеңүүчүлөрдү курамына беш мамлекеттен бирден адис кирген калыстар тобу тандады.

«MediaCAMP Award» сынагынын бешинчи - «Объектив» атайын номинациясынын жеңүүчүлөрү онлайн-добуш берүү жолу менен тандалат.

«Internews» уюму АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен өткөрүп жаткан иш-чара экинчи ирет уюштурулууда. (SE)

XS
SM
MD
LG