Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 05:24

Ошто милиционерлер катышкан мушташ иликтенүүдө


Cүрөттүн кабардагы окуяга тиешеси жок.

Ошто милиционерлер катышкан мушташтын чоо-жайы такталууда. ИИМдин Ош шаардык башкармалыгынын басма сөз кызматы 14-сентябрда билдиргендей, мушташ боюнча Жазык кодексинин «Бейбаштык» беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүү башталды.

Баштапкы маалыматтарга караганда, мушташкандардын арасында бери дегенде экөө - шаардык милицияда иштегендер. Алардын тек-жайы такталып, ички иликтөө да жүрүп жатат. Жаңжалдын себеби ачык айтыла элек.

Буга чейин 7-сентябрда таңга жуук «Глобус» супермаркетинин алдында жапырт мушташ чыккандыгы тууралуу маалымат видеокөзөмөлгө түшүрүлгөн тасманын коштоосунда Интернет булактары аркылуу тараган. Жапырт мушташка катышкандардын көпчүлүгү милиция кызматкерлери экендиги такталганын мурдараак "Kaktus.media" жазган. (SE)

XS
SM
MD
LG