Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

Бишкекте Беларус элин колдогон акция өттү


Акциянын катышуучулары.
Акциянын катышуучулары.

Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдында 14-октябрда беларус элин колдогон акция өттү. Он чакты адам катышкан жыйынды «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюму уюштурду.

Алар Беларуста тынч акцияларга чыккандарды куугунтуктап, камакка алууну токтотууну талап кылышты.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова башка мамлекеттердин активисттерин да тилектештик билдирүүгө чакырды. Ошондой эле парламенттик шайлоого камылга көрүп жаткан кыргыз өкмөтү Беларустагы окуялардан тыянак чыгарышы керек экенин белгиледи.

Жарым сааттык акциянын катышуучулары талаптарын айтып, тарап кетишти. Элчиликтен алардын алдына эч ким чыккан жок.

Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоодо өлкөнү 30 жылдай убакыттан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко жеңгени жарыяланган. Ошол күндөн бери оппозициянын жана жөнөкөй тургундардын нааразылык жүрүштөрү токтой элек. Бийлик жүздөгөн адамды кармады.

Күч органдары тынч жыйынга чыккандарга ашкере күч колдонуп, зордук-зомбулукка барганын эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү сындап келатышат.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде Беларустагы тоз-тополоңдо бери дегенде төрт адам мерт болду, сегиз адамдын дайыны белгисиз. (SE\AiN)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG