Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:21

БШК: «Мекеним Кыргызстандын» талапкерине айыппул салынат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын депутаттыкка талапкери Кылычбек Исамамбетовго Тартип бузуу жөнүндө кодекстин «Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу» деген 44-беренесине ылайык айыппул салат. Мындай чечим БШКнын 14-сентябрдагы отурумунда кабыл алынды.

Буга жарандардын биринен түшкөн арыз негиз болгон. Анда «Мекеним Кыргызстан» партиясы коюлган чектөөгө карабастан концерт өткөргөнү, анда ырдаган ырчы кыздын жаш курагы да суроо жаратып жатканы айтылган.

Териштирүү учурунда партиянын өкүлдөрү мындай иш-чара Баетов айылында өткөнү анык экенин, бирок бул тууралуу партия жетекчилигинин кабары болбогонун, жазага партияны эмес, талапкердин өзүн тартыш керек экенин айтышты.

Жыйынтыгында БШК талапкерге үгүт эрежесин бузгандыгы үчүн административдик жазага тартуу жөнүндө чечим чыгарды.

Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу үгүт учурунда мурдагыдай стадиондордо жана көчөлөрдө концерт, жолугушуу, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Дебаттарды өткөрүүгө көбүрөөк убакыт бөлүнгөн.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт 4-октябрда өтөт. 4-сентябрда бир айлык үгүт өнөктүгү башталды. Шайлоого 16 саясий партия катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG