Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

КСДПнын жетекчиси Абдрахмановдун арызын БШК канааттандырган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Сагынбек Абдрахманов жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) арызын канааттандыруудан баш тартты. Арыз 14-сентябрда комиссиянын жыйынында каралганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Абдрахманов Боршайкомго жазган арызында КСДПнын алты мүчөсүнүн башка партиялардын тизмесинде шайлоого катышып жатканын мыйзамсыз деп эсептеген. Алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаттары Иса Өмүркулов, Элвира Сурабалдиева, Кожобек Рыспаев, Гүлкан Молдобекова, Анвар Артыков, Нурбек Касымбеков аталган. Буга байланыштуу арыздануучу аталган саясатчыларды тизмесине киргизген «Мекеним Кыргызстан», «Социал-демократтар», «Ата Мекен» партияларын өз каталарын жоюуга милдеттендирүүнү БШКдан суранган.

БШКнын жумушчу тобу аталган талапкерлер арыздарында бир учурда бир нече партиянын мүчөсү экени тууралуу далилдерди келтирбегендигин, мыйзам саясий партияларга башка партиянын мүчөлөрүн талапкер катары көрсөтүшүнө тыюу салбай турганын, бир адам бир партиянын гана тизмесинде болушу керек деген гана норма бар экенин билдирди.

Атамбаев түптөгөн КСДП 2019-жылы экиге бөлүнүп, анын бирин «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов, ал эми Атамбаевди жактаган тарапты 27-майдан бери Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү Анвар Артыков жетектейт. Июль айында КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракциясынын аты аталган мүчөлөрүнүн үчөө партиядан чыгуу тууралуу арыз бергени кабарланган.

Сагынбек Абдырахманов жетектеген КСДП шайлоого катышуу ниетин билдирип, бирок, талапкер катары катталган эмес.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. 4-сентябрда бир айлык үгүт өнөктүгү башталды. Шайлоого 16 саясий партия катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG