Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

Ошто тойканалардын ээлери иштөөгө уруксат берүүнү өтүнүштү


Оштогу тойкана ээлери жана өкүлдөрү басма сөз жыйынын өткөрүштү. 15-сентябрь, 2020-жыл.
Оштогу тойкана ээлери жана өкүлдөрү басма сөз жыйынын өткөрүштү. 15-сентябрь, 2020-жыл.

Ошто тойкана ээлери иштөөгө уруксат берүүнү өтүнүштү. 15-сентябрда Ош шаарында жана Кара-Суу, Өзгөн райондорунда жайгашкан тойканалардын ээлери, ырчы-тамадалар басма сөз жыйынын өткөрүп, тойлорду ресторандарда өткөрүүгө уруксат берилиши керек деген оюн айтышты.

Алар базар, мал базар, коомдук транспорт иштеп турган учурда ресторандардын ишин токтотуп коюу адилетсиздик экенин айтышты.

Ресторан ээлери жок дегенде 100-150 киши катышкан мааракелерге уруксат болсо, ар бир тойкана жок дегенде 40тан кишини жумуш менен камсыз кыларын билдиришти.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб март айынан тартып массалык иш-чараларга, анын ичинде тойлорго да тыюу салган. Тамактануучу жайларга (кафе, чайкана, кофекана) уруксат берилген, кишинин саны 50дөн ашпашы керек. Кыргызстанда 15-сентябрга чейин 45 миңдей киши COVID-19 жуктуруп, алардын миңден ашууну каза тапты. Акыркы сутка ичинде 71 киши илдетке кабылган. (DU)

XS
SM
MD
LG