Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Президент абал турукташса мектептерди октябрда толук ачуу тууралуу сунушту колдоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков эгер коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал турукташса мектептерде окуу процессин жакын арада кадимкидей тартипте уланта баштоону туура көрөт. Бул жөнүндө 15-сентябрда мамлекет башчысынын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен онлайн кеңешмесинде айтылды.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, министр эгер өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташса окуучулардын мектепке барып билим алышына октябрь айынан тартып уруксат берүү тууралуу сунуш бар экенин айтты.

Сооронбай Жээнбеков мындай сунушту колдоп, бул процессти этап-этабы менен жүргүзүш керек экенин, адегенде башталгыч класстардан баштоо туура болорун белгиледи.

Кыргызстанда март айында башталган коронавирус эпидемиясына байланыштуу окуу жылы аралыктан жыйынтыкталган. Жаңы окуу жылында мектепке биринчи класстын гана балдары барып окуп жатышат, калгандары аралыктан билим алуусун улантууда. (RK)

XS
SM
MD
LG