АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык Abbott («Эбботт») компаниясы иштеп чыккан жаңы тестти Эй-Би-Синин телеэфири учурунда көрсөттү. Бул тест коронавирусту 15 мүнөттө аныктайт.
«Мен силерге өзгөчө бир нерсе көрсөтөм. Менде бүгүн эле чыккан жаңы тест бар», - деген Трамп пиджагынын чөнтөгүнөн чакан картонду алып чыкты.
Трамптын айтымында бул тест сыртынан кагаздын үзүмү сыяктуу болуп көрүнгөнү менен, вирустун бар-жоктугун так аныктайт.
«Адамдар бул тестти өздөрү менен ала жүрүп, текшерилсе да боло берет. Бул тест өтө жөнөкөй, ошол эле учурда өтө так», - деди Трамп.
Август айынын аягында АКШнын саламаттык сактоо жана социалдык кызматы америкалык «Abbott» компаниясы менен 760 млн. долларлык келишим түзүлгөнүн кабарлаган. Маалыматта тест коронавирустун антиденечесин 15 мүнөттө аныктай турганы айтылган. Атайын жабдыктарды талап кылбаган тесттер менен ириде мектептер жабдыла тургандыгы кабарланган.
«Abbott» компаниясынын тесттерин мурдараак АКШнын Санитардык көзөмөл башкармалыгы да текшерип, уруксат берген. Анализдердин жыйынтыгы 15 мүнөттө чыгып, анын тактыгы 97,1% болору кабарланган. Тест менен кошо чөнтөк телефондор үчүн атайын тиркеме да иштелип чыккан. Анын жардамы менен эл көп жерде анализдин жыйынтыгын аныктоого болот.
АКШдагы Хопкинс университетинин маалыматына караганда, 6,6 млн. америкалык коронавируска чалдыккан. 195 миңден ашуун адам оорудан көз жумду.