Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

ИИМ: Жалал-Абадда куралчан кылмыштуу топ кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад милициясы курал колдонуу менен оор кылмыш кылган деп шек саналган уюшкан топту кармады. Бул тууралуу 16-сентябрда «Азаттыкка» Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, июль айында Сузакта Бишкек-Ош автожолундагы газ куючу жайлардын бирин иштеткен адамды беткап кийген экөө тапанча менен ичке атып, акча талап кылган. Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин «Каракчылык» беренесинин негизинде козголгон иш боюнча Ош облусунун Кара-Суу районунун 22 жаштагы тургуну эки айга камакка алынды. Ал ИИМде уюшма кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турары, мурда экстремизм үчүн соттолгону аныкталды. Аны менен кошо каракчылык кылганы айтылган 25 жаштагы дагы бир тургунга издөө жарыяланды.

Август айында Базар-Коргон районунун 63 жаштагы тургуну дүкөнүнөн 2000 сомго жакын акчаны алып чыгып кеткен адамдарды таап берүү тууралуу өтүнүч менен милицияга кайрылган. «Каракчылык» беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталып, Ош облусунун мурда соттолгон 22 жаштагы тургуну кармалды. Аны курал менен камсыз кылууга шектүү катары Базар-Коргон районунун милицияда кылмыштуу топтун мүчөсү болуп каттоодо турган 44 жаштагы тургуну эки айга кармалды. Тинтүү учурунда андан эки даана ок атуучу курал, бир топ ок-дары жана кастет табылды.

ИИМ билдиргендей, топтун башка да кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныкташ үчүн ыкчам иликтөө иштери улантылууда.

Милиция тараткан видео:

Уюшкан кылмыштуулук маселеси 2018-жылы Коопсуздук кеңешинин жыйынында да талкууланып, президент Сооронбай Жээнбеков бул көйгөйгө каршы күрөш ийгиликтүү болбой жатканынын негизги себеби коррупция экенин айткан. Ал «Күч түзүмдөрүндө коррупция болбосо криминалдык топтор бул иштерди жасай албайт» деген.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 2019-жылы «Уюшкан кылмышкерлерди ким ооздуктайт?» деген суроого парламентте жооп берип жатып мындай топтордун мыйзамга каршы иш жасап, бирок эркиндикте жүргөн бир да мүчөсү жок экенин, андайлар ар дайым болуп келгенин жана боло берерин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG