Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Жалал-Абадда жер астындагы өтмөктөгү соода түйүндөрү аукционго коюлду


Жалал-Абад шаарындагы жер астындагы өтмөк.
Жалал-Абад шаарындагы жер астындагы өтмөк.

Жалал-Абад шаарында 2018-жылы курулган жер астындагы өтмөктө жайгашкан чакан соода түйүндөрү 14-сентябрда аукционго коюлду. Ага 230дан ашуун адам катышып, күркөлөр 263 сомдон 11 миң сомго чейин бааланды.

Муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасы Болот Жусупбековдун айтымында, аукциондон утуп алгандар менен мэриянын ортосунда бир жума аралыгында келишим түзүлөт.

Өтмөктө 35 соода түйүн бар. Пандустар талапка ылайык болбогондуктан, Мамлекеттик экотехинспекциянын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча аймактык башкармалыгы өтмөктүн ичиндеги соода түйүндөрүн аукционго өткөрүүгө уруксат берген эмес. Мэрия кемчиликтер оңдолгонун билдирип, кат жиберилген соң экспертиза өткөрүлүп, макулдук берилген. (TB)

XS
SM
MD
LG