«Кыргыздын элдик баалуулуктары жана нарктуу түшүнүктөрү» деген китеп чыкты. Бул туралуу «Азаттык» радиосуна китептин автору жана түзүүчүсү, педагог, балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев билдирди:
«Китепти кыргыздын нарк, каада-салт, улуттук баалуулугубузду жаштарга жеткиликтүү түшүндүрүш үчүн жаздым. Китеп эки бөлүктөн турат. 1-бөлүгүндө кыргыз элинин калыптанган билими, мамилелери, маданияты туралуу сөз болду. 2-бөлүктө элдик аңгемелер, уламыштар тууралуу маалымат камтылды. Карасаевден, Солтоноевден бери келе жаткан түшүнүктөрдү бир системага салдым».
Китеп «Улуу тоолор» басмаканасынан 1000 даана нуска менен басылып чыкты.
Акыркы 5-10 жыл аралыгында Кыргызстанда дем берүүчү китептерди окуган жана издеген жаштар көбөйдү. (MSd)