17-сентябрда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Бийик тоолуу райондорго кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу аймактарында жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25,
Нарын жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 18...23,
Талас облусунда 5...10, күндүз 18...23,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...6 градус болот.
Бишкек шаарында күндүз жаан жаашы мүмкүн, абанын температурасы түнкүсүн 11...13 градус, күндүз 23...25 градус болот.