Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-сентябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 17:36

Бишкектин мэри Нурлан Касымовго иштен кетүүнү сунуш кылды


Нурлан Касымов.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов санариптештирүү ишине көңүлү толбой, Турак жай, коммуналдык чарба башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Касымовго иштен кетүүнү сунуш кылды.

Мэриянын басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдиргендей, Суракматов бул тууралуу 15-сентябрдагы жыйында айткан.

Калаа башчысы шаардын бардык кызматтарын бириктирген байланыш түйүнү жоктугуна, муниципалдык кызматтарды пайдалануу татаал экенине нааразы болгон.

Турак жай, коммуналдык чарба башкармалыгын 2017-жылдан бери жетектеп келаткан Касымов мэрдин сунушуна азырынча жооп бере элек. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG