Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Иса Өмүркуловдун мугалимдер менен жолугушуусу тууралуу аудиотасма тарады


Иса Өмүркулов. Архивдик сүрөт.
Иса Өмүркулов. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери, «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесиндеги шайлоого талапкер Иса Өмүркуловдун Кант шаарынын мектептеринин бириндеги мугалимдер менен жолугушуусунан жазылган аудиотасма фотосүрөтү менен кошо тарады. 19 мүнөттүк бул аудиотасма социалдык тармактарда талкуу жаратууда.

Анда үнү Өмүркуловго окшош адам «силердей мугалимдер менен жолукканыма аябай кубанычтамын» деп, парламенттик шайлоонун жүрүшү тууралуу айтып, өзүнө добуш берүүгө үгүттөп жатканын угууга болот:

«Азыр «Биримдик» биз менен талашып-тартышып жатат. Анткени, ар бир депутат көбүрөөк добуш алгысы келет. Себеби кимиси аз алса, ал кетет деген милденттенме алышкан... Биз да аракет кылып жатабыз. Үчүнчүсү, төртүнчүсү, бешинчиси... алар көп, мен жалгызмын. Андыктан, мага гана... макулбу!?»

Мындай жолугушуу болгонун Иса Өмүркулов 16-сентябрда «Азаттыкка» тастыктап, шайлоо мыйзамдарын бузбаганын билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Абдыжапар Бекматов мугалим сабагын таштап коюп, талапкерлер менен жолугушууга кете албай турганын, мектеп иштеринен тышкаркы убакта жаран катары шайлоо процессинен кабардар боло аларын билдирди. Ошондой эле Бекматов диний мекемелерде гана шайлоочулар менен жолугушууга уруксат жок экенин, калган жайларга тыюу салынбаганын белгиледи.

БШКнын дагы бир мүчөсү Гүлнара Журабаева Өмүркуловдун мугалимдер менен жолугушуусунда административдик ресурсту колдонуунун белгилери бар деп эсептей турганын айтты. Анын пикиринде, «эгер бир нече партиянын талапкерлери менен жолугушуу болсо башка кеп, бир эле партиянын өкүлү чакырылса ошондой шек жаралат».

Билим берүү министрлигинин өкүлү Марат Үсөналиев мугалимдерге үгүт ишине катышууга тыюу салынганын билдирди:

«Биздин өзүбүздүн жумушубуз, көйгөйлөрүбүз, сабактарыбыз көп. Онлайн режимде окутуп жатабыз. Ошондуктан мугалимдерге үгүт иштерине аралашууга тыюу салынган, билим берүү мекемесинин жетекчисинен баштап мугалимге чейин. Эгер алар үгүт иштерине кызмат кылса, катуу чара көрөбүз. Эгер үгүт иштерин жүргүзүүнү катуу кааласа жумуштан арыз жазып чыгып, анан катышууга тийиш».

Буга чейин Араванда «Биримдик» партиясынын талапкерлеринин жыйынына мугалимдердин катышканы талкууга түшкөн.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. 120 мандаттуу Жогорку Кеңешке 16 партиядан эки миңдей талапкер ат салышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG