Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

3300 кыргызстандык орус-казак чек арасына топтолууда


Коронавируска байланыштуу чек аралардын жабылышы мигранттар үчүн азап болду. Сүрөттө Самарада ара жолдо калган кыргызстандыктар. Июль, 2020-жыл.
Коронавируска байланыштуу чек аралардын жабылышы мигранттар үчүн азап болду. Сүрөттө Самарада ара жолдо калган кыргызстандыктар. Июль, 2020-жыл.

Орусия менен Казакстандын чек арасында топтолгон жана Орусиянын аймактарынан чек араны көздөй бараткан кыргызстандыктар баштапкы маалымат боюнча 3300гө жетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов билдирди.

Элчинин эсебинде ара жолдо калгандар Оренбург жана Самара облустарында жана Башкыртстан Республикасынын аймагында топтолгон.

«Сүйлөшүп жатабыз. Чек ара качан ачылары жөнүндө Казакстан жооп бере элек», - деди Жекшенкулов.

Топтолуп турган эл күн сайын кыргыз бийлигине кайрылып, маселени чечүүнү өтүнүп жатышат.

«Элди кыйнап бүттүңөр. Бул жакта ооруган адамдар да бар. Талаада жатканыбызга 20 күн болду. Акыркысы 26сында кетишти, биз жетишпей калдык. Жатабыз бул жерде», - деди кайрылган мигранттардын бири.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылган чек арасын Казакстан ача элек.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, пандемия башталгандан бери дүйнөнүн 40тан ашуун өлкөсүнөн 25 миңден ашык кыргызстандык чартердик учактар жана автобустар менен мекенине жеткирилген. Алардын басымдуу бөлүгү - Орусиянын ар кайсы аймактарында иштеп жана окуп жүргөндөр.

XS
SM
MD
LG