Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Кара-Кече: Көчкөн тоодон таш түшкөнү токтой элек, жол салуу иши күнү-түнү жүрөт


Кара-Кечеде көчкү болгон жер. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов адистер менен.
Кара-Кечеде көчкү болгон жер. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов адистер менен.

Кара-Кечеде көчкөн тоонун үстүнөн таш дагы эле түшүп жатат, ал жерге айланма жол салууга кеминде 10-15 күн талап кылынат. Бул тууралуу 17-сентябрда «Кыргызкөмүр» ишканасы кабарлады.

Курулуш иштери күнү-түнү жүрмөй болду. Эни 6-8 метрлик жаңы жолдун тоонун боору менен өткөн аралыгы 3,2 чакырым болот.

Мекеменин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова Кара-Кече көмүр кенинде азыр 18 ишкана тынбай иштеп жатканын кабарлады:

««Кабак» көмүр бассейнинде 20 ишкана бар. Алардын 18и тынбай иш алып барууда. Жол ачылса калган экөө да өз ишин баштайт. Алар «Демилге» жана «Кара-Кече» иштеткен «Борбордук» кесими. Калган ишканалар ЖЭБди жана калкты көмүр менен камсыздап, штаттык режимде иштей беришет. Кара-Кечеде 30дай машине бар. Аларга көмүр жүктөлүп, Соң-Көл жак менен кете башташат. Кесек көмүрдү 20 ишкананын ичинен элдин керектөөсүнө «Шарбон», «Ак-Жол», «Берекет» жана «Бузурманкул» компаниялары берип турушат».

14-сентябрда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда тоо көчкөн. Дыйкан айылын Кара-Кече көмүр кенинин «Борбордук» деген тилкеси менен байланыштырып туруучу стратегиялык жол тосулуп калган.

Адам өмүрүнө залака тийгени тууралуу маалымат жок.

Министрликтин баштапкы маалыматына караганда, көчкүнүн көлөмү эки миллион куб метр болду, жолдун 600 метрден ашык аралыгы тосулуп калган, электр зымдары үзүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG