Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Бекешев: партбосстор болочок депутаттарын көзөмөлдөөнүн жаңы ыкмасын табышты


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Кыргызстанда айрым саясий партиялар парламентке өз тизмеси аркылуу келе турган болочок депутаттарды көзөмөлгө алуунун жаңы ыкмасын ойлоп табышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирип, мындай ыкма азыркы шайлоодо колдонулуп жатканын жана ага жеке өзү туш болгонун айтты:

«Азыр партиялардын босстору акылдуу болуп калбадыбы. Алар фракциядан чыгуу тууралуу арызды эмитен эле жаздырып жатышат. Мисалы, мен депутат болдум дейли, бирок бир нерсени туура эмес айтып алсам же эртең менен партия лидеринин маанайын сурабай калып таарынтып алсам, ал мени каалаган күнү кетире алат. Азыр бир топ партиялар ошондой кылып жатышат».

Бекешев мындай ыкманы партиялардын баары эмес, кээ бирлери гана колдонуп жатканын, аны мыйзамсыз деп баалоо мүмкүн эмес экенин, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) да бөгөт коё албай турганын, себеби бул партиянын ички иши экенин белгиледи.

Депутаттын айтымында, мурда ушундай эле арыз партиядан чыгуу тууралуу жазылып келген, бирок депутат партиядан чыкса да, мандатынан ажырачу эмес. Ал эми азыр фракциядан чыгуу тууралуу жазылган арыздын негизинде каалаган депутаттын мандатын алып коюуга партия жетекчилигине кийин жол ачылат.

Бекешев эгер партиялардын ичинде мындай система орносо, депутаттар кнопка баса турган «добуш берүүчү машинага» айланып калуу коркунучу бар экенин кошумчалады.

4-октябрда Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болот. Азыр үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. 120 депутаттык орунга 16 партиядан эки миңдей талапкер ат салышууда.

Алтынчы чакырылышта КСДПдан шайланган Жанар Акаев, «Өнүгүү-Прогресстен» Тазабек Икрамов кийин фракциялардан чыгып, ишмердигин эркин депутат катары улантып келатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG