Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча бүгүнкүгө белгиленген жараян 21-сентябрга жылды. Буга айыпталуучулардын бири Фархат Баабиевдин адвокатынын ооруп калганына байланыштуу сотко келбегени себеп болду.
Бул тууралуу айыпталуучулардын адвокаттары билдиришти.
2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча иш сотто жабык каралууда.
Райондук соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жараянда жабырлануучу-күбөлөр катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» ыкчам бөлүгүнүн аскерлери көрсөтмө берип жатышат.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу тууралуу суракка баруудан баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылынан кармоо операциясы атайын кызматтын бир офицеринин өлүмү менен аяктаган. Ондогон киши түрдүү жараат алган. Бул үчүн ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. Алардын 14үнүн иши сотко өткөн.
Сот буга чейин «Альфанын» кызматкерлерин жабырлануучу күбөлөр деп тапкан. Жалпы жонунан 54 аскер көрсөтмө бериши керек. Ушу кезге чейин сотко алардын он чактысы катышты. (NT)