Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:44

Шайлоо-2020: Ошто үгүт ишине жасалган тоскоолдук окуясы териштириле баштады


Ош шаарында парламенттик шайлоого карата үгүт жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу фактысы боюнча иликтөө башталды. Бул тууралуу 18-сентябрда «Азаттыкка» Ош милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Сыдыковдун айтымында, факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодекстин 119-беренесинин («Майда бейбаштык») негизинде каттоого алынды.

«Салиев көчөсүндөгү №40 үйдүн башчысынын жарандарга кылган орой мамилесин чагылдырган видеотасма жарык көргөн. Ал тасмада үй башчысы үгүт иштерин жүргүзүш үчүн барган адамдарга тоскоолдук кылып, үйгө киргизбей жатканы түшүрүлгөн», - деди ал.

Кабат үйлөрдүн биринин кире беришинде тартылган видеодон өзүн үйдүн башчысы деп тааныштырган аял үйгө кирүүгө аракет кылган адамга «Үгүт кылбайсыңар! Биз - «Биримдик» партиясына. Сен эмне кылып бердиң? Бул жерге келип үгүт кылганга акың жок! Бул үй «Биримдик» партиясын шайлайбыз деп сага өткөндө айткам. Колуңдан келген асманды түшүрүп ал! Бул жерде «Биримдик» партиясы болуп жатканда силердин укугуңар жок!» деп түртүп чыгарып жатканын көрүүгө болот.

«Биримдик» партиясынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев бул окуя тууралуу «Азаттыкка» комментарий берип: «Элдин колдоосуна ээ жана жеңишке ишеними бар «Биримдик» шайлоо өнөктүгү таза өтүшүнө умтулат. Видеодогу аялдын партияга эч тиешеси жок», - деп билдирди.

Кыргызстанда бул күндөрү 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан бери расмий түрдө жүрүп жатат. 120 мандаттуу парламентке 16 саясий партиядан эки миңдей талапкер ат салышууда. (RK/DU)

XS
SM
MD
LG