Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

ТИМ: Башкыртстанда да мекенине кайтууну көздөгөн кыргызстандык мигранттар топтолууда


Тышкы иштер министрлиги.
Тышкы иштер министрлиги.

Орусиядан мекенине Казакстан аркылуу автобус менен кайтууга аракет кылган кыргызстандык мигранттар Башкыртстанда да топтоло баштады. Бул тууралуу 18-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстандын көп сандагы жарандары Башкыртстандын аймагында, Оренбург облусу менен чектешкен тилкеде чогулуп турушат. Алар Оренбургдагы орус-казак чек арасындагы “Сагарчин” өткөрмө бекетине Казакстан кыргыз жарандары үчүн өз аймагынан өтүүгө уруксат берсе гана өтө алышат. Казак тараптын жообу келгенче Кыргызстандын Уфадагы Башкы консулдугу жана диаспора активисттери жергиликтүү бийликтин жардамы менен мигранттар үчүн убактылуу чатырларды орнотмой болушту.

Быйыл жазында коронавирус эпидемиясы башталганда чек аралар жабылып, каттамдын бардык түлөрү токтогон. Орусиядагы миңдеген мигранттар Оренбург облусундагы орус-казак чек арасына топтолушкан. Кыргыз-казак дипломатиялык сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында алар Казакстан аркылуу автобус менен улам ташылып келүүдө.

ТИМ билдиргендей, Оренбургдун Соль-Илецк шаарында топтолуп тургандар азыр да бар.

Казакстанга транзиттик жол ачып берүү тууралуу жөнөтүлгөн кезектеги өтүнүчкө азырынча жооп боло элек.

Министрлик мигранттарга кайрылып, орус-казак чек арасына топтолбоого чакырды жана карантин чектөөлөрү али алына электигин, эгер чукул иш чыкса Кыргызстанга учак менен эч тоскоолдуксуз жетип алса болорун белгиледи. (RK)

XS
SM
MD
LG