Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:50

19-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан. Сары-Челек көлү.
Кыргызстан. Сары-Челек көлү.

19-сентябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Кээ бир аймактарда жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда маал-маалы менен жаан, тоолуу райондордо жаан, кар жаашы мүмкүн. Баткен, Талас облустарында жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;

Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 15…20;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 7…13, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн бир аз жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9°, күндүзгү жогорку температурасы 20…22° болот.

XS
SM
MD
LG