Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

SIAR агенттигинин сурамжылоосу талкуу жаратты


АКШнын USAID уюму тарабынан каржыланган SIAR консалтинг агенттигинин Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо боюнча кыргызстандыктардын саясий маанайы тууралуу сурамжылоосу талкуу жаратты.

Чөнтөк телефон аркылуу жүргүзүлгөн сурамжылоодо бардык аймак боюнча алгачкы тизмеден мурдагы СДПК менен «Ата Журт» саясий партияларын көрүүгө болот. Бирок жогорудагы партиялар 2020-жылдагы шайлоого катышпайт. Себеби, ал партиялардын лидерлери учурда түрмөдө отурат же болбосо мурун сот жообуна тартылган. Бул тууралуу «Келечек жол» мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын шайлоо процессине чет элдик уюмдар тарабынан орой кийлигишүү болуп жатат деп айтууга толук негиз бар. Мыйзам боюнча эл аралык уюмдар Кыргызстандын ички саясатына кийлигишпөөгө тийиш.

Ал эми SIAR агенттиги 6-15 августтагы сурамжылоосу шайлоого чейин болжолдуу гана жүргүзүлгөнүн жана алдыңкы тизмеден орун алып, бирок шайлоого ат салышпаган мурдагы партияларды жарандар өздөрү каалап жатканын түшүндүрдү.

Кыргызстанда бул күндөрү 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү расмий түрдө жүрүп жатат. 120 мандаттуу парламентке 16 саясий партиядан эки миңдей талапкер ат салышууда. (AiN)

XS
SM
MD
LG