Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Тажрыйбалуу адабиятчылар жаш калемгерлерге сабак өтүшөт


Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков жаш калемгерлер менен.
Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков жаш калемгерлер менен.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Улуттук жазуучулар союзу 16 жаштан 35 жашка чейинки калемгерлер арасында поэзия, проза, драматургия жанрлары боюнча окуу өткөрөт. Бул тууралуу Жазуучулар cоюзунун төрагасы Нурлан Калыбеков «Азаттыкка» билдирди:

«Семинардын максаты - бүгүнкү рынок шартында чыгармачыл интеллигенциянын алсырап турган коомдогу ордун жогорулатуу. Жалпысынан бул семинарга 20 катышуучу катталды. Ал эми жаштарга поэзия боюнча Кыргыз эл акыны Сагын Акматбекова, проза боюнча Мелис Абакиров, драма боюнча Жаныш Кулманбетов, орус тилдүү калемгерлерге акын, адабиятчы Талант Жолдошбеков лекция окуйт».

Cеминардын ачылышы бүгүн, 18-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында өттү. Иш-чара 21-сентябрга чейин уланат. (MSd)

XS
SM
MD
LG