Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:44

Орусия Кыргызстан менен аба каттамын 21-сентябрда жандантат


Москвадагы Шереметьево аэропорту.
Москвадагы Шереметьево аэропорту.

«Интерфакс» агенттиги Орусиянын коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабы 21-сентябрдан баштап Кыргызстан, Казакстан, жана Беларус менен авиакаттамдар жандана турганын билдиргенин жазды. Учактар жумасына бир жолу каттап турат.

Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев буга чейин Кыргызстан Орусия тарапка аба каттамдарын жандантуу боюнча сунуш бергенин, ал колдоо тапса туруктуу каттамдар ачыларын айткан.

Пандемия башталгандан кийин, 20-марттан тарта Кыргызстан эл аралык жана ички каттамдарын токтоткон. Марттан августка чейинки аралыкта Орусиядан 153 чартердик каттам уюштурулуп, 27 296 кыргызстандык жаран алынып келген.

20-сентябрдан тарта Алматы-Бишкек-Алматы багытындагы каттам жүргүзүлө баштайт. Ал аптасына эки жолу: шейшемби жана жекшемби күндөрү болот.

Август, сентябрь айларында Кыргызстан Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт жана Өзбекстан менен туруктуу аба каттамдарын ишке киргизген. (BTo)

XS
SM
MD
LG