Кыргызстанда соңку бир суткада COVID-19 вирусунан каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу 19-сентябрда коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб кабарлады. Штабдын ушул эле күнкү маалыматына караганда, илдет дагы 91 бейтаптан аныкталды. Алардын ичинен эң көбү Баткен облусунда – 30 киши.
- Бишкекте – 9;
- Чүйдө – 6;
- Ош облусунда – 17;
- Таласта – 1;
- Нарында – 1;
- Ысык-Көлдө – 15;
- Жалал-Абадда – 12.
Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул оору 45 335 адамга жукту, алардын ичинен 41 484 бейтап айыкты, 1 063 адам каза болду.
COVID-19 илдетине чалдыккан 570 бейтап ооруканада жатат, 1 771 киши үйүндө дарыланууда.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майда токтогон, 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими сакталууда. (BTo)