Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:32

Статистика комитети: уюк операторлорунун Интернетин колдонгондор көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2019-жылы уюк операторлорунун кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшкөн киреше 2018-жылга салыштырмалуу 13% азайып, 12 миллиард сомго жакындады. Ошол эле учурда Интернет берүү боюнча кызмат көрсөтүү 23% көбөйүп, 4,5 миллиард сомду түздү.

Улуттук статистика комитети уюк операторлордун байланыш кызматтарынын көлөмүнүн төмөндөшүн эл арасында «WhatsApp», «Skype», «Viber» жана башка тиркемелерди колдонгондор көбөйгөнү менен байланыштырды.

Статистика комитети байланыш операторлордун Интернетин колдонгон абоненттердин саны 5,8 миллионго жетип 2015-жылга салыштырмалуу 1,2 эсеге өскөнүн кабарлады.

Кыргызстанда «Мегаком» бренди менен таанымал «Альфа Телеком» компаниясы, «Билайн» аталышы менен таанылган «Скай Мобайл» ишканасы жана «О!» деген бренд менен чыккан «НУР Телеком» уюк компаниясы иштейт. Алардын үлүшүнө байланыш кызматтарынын жалпы көлөмүнүн 70% ашыгы туура келет.

2019-жылы «Альфа Телеком» жана «КТ-Мобайл» компанияларынын ортосундагы келишимдин негизинде «Salam» бренди менен виртуалдык оператор түзүлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG