Ооганстандын Коргоо министрлиги 19-сентябрда өлкөнүн түндүгүндөгү Кундуз провинциясынын Хан-Абад районунда талибдердин базасына эки аба соккусу урулганын кабарлады. Министрликтин маалыматы боюнча, анын жыйынтыгында «Талибан» кыймылынын 30дан ашык жоочусу жок кылынды.
Провинция бийлиги каза болгондордун арасында жайкын тургундар да бар экенин, кеминде 12 киши мүрт кетип, 10дон ашык адам жараат алганын билдирди. Коргоо министрлиги бул маалыматты ырастаган жок, бирок иликтөө иштери жүрүп жатканын жарыялады.
Талибдер болсо 23 тургун каза болгонун кабарлап, кыймылдын жоокерлери жараат алганы тууралуу маалыматтарды четке каккан билдирүү таратты. Кундуз провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы кагылышууда ооган өкмөтүнүн үч жоокери өлгөнүн айтты.
Бул окуя Катарда Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү менен «Талибан» кыймылынын тынчтык келишими тууралуу сүйлөшүүсү жүрүп жаткан учурга туш келди.
15-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Ооганстан өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын сүйлөшүүлөрүн кубаттап, тараптарды согушту биротоло токтотууга чакырган резолюция кабыл алган. Мындан тышкары кеңеште БУУнун Ооганстандагы саясий миссиясынын ишин дагы бир жылга узартуу маселеси чечилген.