Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Бишкекте милиция бычак менен коркуткан адамга ок чыгарды


Видеодон алынган кадр.
Видеодон алынган кадр.

Социалдык тармактарда милиция кызматкерлери колунда бычагы бар кишиге эки жолу ок чыгарганы тартылган видео тарады. Анда бир адам күч кызматкерлерине бычак менен тап берип жатканын көрүүгө болот. Ошол маалда милициянын бири аны бутка аткан. Ок тийген-тийбегени белгисиз.

Көчөдөн өтүп бараткан адамдар колунда бычагы бар кишини артынан кармап, күч кызматкерлерине жардам беришкен.

Буга чейин Чүй облустук ички иштер башкармалыгы окуя 18-сентябрда Бишкектин жака белиндеги Төмөнкү Ала-Арча айылында болгонун кабарлаган.

Милиция кызматкерлерине кол салган киши Бишкектин 51-жаштагы тургуну экени аныкталды. Чүй милициясы ал күч органдарынын бир кызматкеринин денесине бычак менен жаракат келтиргенин билдирди. Кармалган адам ооруканага жаткырылып, бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. (BTo)

XS
SM
MD
LG