Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-октябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 04:13

Түркияда мекендештерине жасалма виза жасаган кыргызстандык камакка алынды


Бул тууралуу түркиялык "Ихлас" кабар агенттиги маалымдады. Кабарда 19-сентябрда Анталия шаарында "чет өлкөлүктөргө туруктуу жашоого жасалма визасын берген" деген айып менен кыргызстандык Ш.Т. жана түрк жараны А.О. камакка алынганы жазылган.

15-сентябрда Анталия шаарында полициянын рейди маалында кыргызстандык мигранттын визасы жасалма болгону тастыкталган. Мигрант мекендеши Ш.Т.га 3300 лира (440$) бергенин жана ал Түркиянын Миграция департаментинен виза алып бергенин, анын экенин билбегенин айтып берген. Бул окуядан кийин Анталия шаардык полициясы атайын операция уюштуруп Ш.Т. жана А.О.ну камакка алышкан. Полиция операцияда шаардагы бир кеңседе жасалма мөөр жана документтерди конфискациялаганы кабарланды.

Анталия шаардык прокуратурасы Ш.Т. жана А.О.го "Алдамчылык" жана "Мамлекеттик документти жасалмалоо" беренелери боюнча айып коюлуп, сот аларды камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.

Түркиянын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесине ылайык, бул өлкөдө расмий документтерди жасалмалаган адам эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. (ElB)

Пикирлерди көрүңүз (13)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG