Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Ат-Башы районунда эки кишиден күйдүргү чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын облусунун Ат-Башы районунун эки тургунунан күйдүргү (Сибирь жарасы) чыкты. Бул тууралуу «Азаттыкка» райондун акиминин биринчи орун басары Максат Кадыркулов кабарлады.

Анын сөзүнө караганда, 11-сентябрда Ат-Башы районунун Кара-Тал айылынын тургуну колуна жара чыкканын айтып, аймактагы ФАПтын дарыгерлерине кайрылган. Анализ алынып күйдүргү жукканы аныкталган.

Ал 2-сентябрда Коенду-Колот жайлоосунан ичи көөп кеткен уйду алып келип, Кара-Тал айылынан төрт киши союп алышканын айтып берген. Этти 12 бөлүккө бөлүп сатышкан.

«Эт кимдерге таратылган, кимдер сойгон жана жеген деп эсептеп чыкканда баш-аягы 70 кишиге жетти. Алардын баары көзөмөлгө алынды. Малды сойгон төрт кишинин экөөнөн күйдүргү аныкталды, калган экөө азыр жакшы эле жүрүшөт. Ооруп жаткандар Нарын шаарында ооруканада өзүнчө бөлүнүп дарыланышууда», - деди Кадыркулов.

Таратылып кеткен эт чогултулуп алынган. Башын, шыйрагын, терисин лабораториядан өткөргөндө күйдүргү аныкталган. Жергиликтүү бийлик уй союлган жер цементтелип, тегерек чети тосулуп жатканын билдирди.

Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн Кара-Тал айылына карантин жарыяланып, 21 күнгө чейин малды сыртка чыгарууга тыюу салынды. Ушундай эле чектөө Коенду-Колот жайлоосуна да киргизилген. Ушул тапта санитардык пост иштеп жатат.

Күйдүргү - кишиге малдан жугуучу жугуштуу оору. Көбүнчө терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Бул оору менен ылаңдаган малдын сөөгү өрттөлүп, терең казылган чуңкурга көмүлүп, бети бетондолуп, айланасы тосулууга тийиш. Оорунун очогу 100 жылга чейин ачылбай, адистер жылына эки ирет дезинфекциялап турушу зарыл. (BTo)

XS
SM
MD
LG