Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Минскиде жүзгө жакын адам кармалды


Минскидеги "Адилеттүүлүк жүрүшүнө" чыккандар. 20-сентябрь, 2020-жыл.
Минскидеги "Адилеттүүлүк жүрүшүнө" чыккандар. 20-сентябрь, 2020-жыл.

Минскидеги «Адилеттүүлүк жүрүшүндө» 20-сентябрда жүзгө жакын адам кармалганын «Весна» укук коргоо уюму кабарлады. Ал эми Беларустун башка шаарларында өтүп жаткан каршылык акцияларында кармалгандардын саны кырктан ашты.

Брест шаарында полиция демонстранттарга жаш чыгарчу газ колдонуп, асманды карай ок атты. Демонстранттар менен ОМОН өкүлдөрүнүн ортосунда кагылышуулар болгонун ошол жердегилер социалдык тармактарга жайгаштырган видеолордон көрүүгө болот.

Баш калаа Минскидеги Төбөлсүздүк аянтына он миңдеген адамдар чогулганын TUT.by агенттиги жазды.

Жогорку соттун имаратынын жана Эгемендик сарайынын жанына атайын аскердик техника, автозактар алынып келди. Ошондой эле бул эки имаратты аскерлер кайтарышууда.

19-cентябрда Минскиде өткөн аялдардын жүрүшүндө 300дөй адам кармалган.

Беларуста толкундоолор 9-августта башталып, ошондон бери токтой элек. Демонстранттар ошол күнү өткөн шайлоодо президент Александр Лукашенконун расмий жеңип чыгышына нааразылык билдирип келишет. Алар Лукашенконун кызматтан кетишин жана жаңы адилеттүү шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG