Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

COVID-19: Кыргызстанда дагы 55 кишиден коронавирус табылды


Адистер коронавирустан сактаныш үчүн беткап тагынууга жана колду тез-тез жууп, антисептик менен тазалап турууга кеңеш беришет.
Адистер коронавирустан сактаныш үчүн беткап тагынууга жана колду тез-тез жууп, антисептик менен тазалап турууга кеңеш беришет.

Кыргызстанда 21-сентябрга карата 55 адамдан коронавирус табылды. Эң көбү Баткен облусунда - 25 киши.

  • Бишкек шаарында - 8;
  • Ош облусунда - 7;
  • Талас облусунда - 5;
  • Жалал-Абад облусунда – 4;
  • Чүй облусу – 2;
  • Нарын облусунда - 2;
  • Ысык-Көл облусунда – 2;
  • Ош шаарында - 1 киши.

Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 104ү айыкты. Каза болгондор катталган жок.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45471 ​кишиге жетти. Алардын 41 682си сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.

Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.

АКШнын Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 21-сентябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 31 миллионго жакындады. Алардын 959 миңден көбү көз жумду, 21 миллиондон ашууну айыкты.

Оору эң көп тараган мамлекеттер - АКШ, Индия, Бразилия, Орусия.

Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары быйыл 18-мартта аныкталган. (SE)

XS
SM
MD
LG