Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

Окуучулар фейк маалыматтарды аныктай билүүнү үйрөнүшүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.

«Search for Common Ground» эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү окуучуларга маалыматтардын чын-төгүнүн аныктай билүүнү үйрөтүүдө.

15-20-сентябрда Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы бир катар орто мектептердин чоң класстарынын окуучуларына маалыматты иргеп, жалган кабарларды аныктоо боюнча тренинг болду.

Аларды бир жума бою «FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темиров онлайн окутту. Балдарга факты менен иштөө, өзүнүн ой-пикирин башкаларга так, туура, жеткиликтүү жеткирүү тууралуу маалымат берилди.

Иш-чара «ЖашСтан» долбоорунун алкагында уюштурулганын долбоордун координатору Нурия Каракулова билдирип, айрыкча пандемия маалында Интернет аркылуу түрдүү фейк маалыматтар тарап жатканын, кабардын чын-төгүнүн айырмалай билүү учурдун талабы болуп турганын айтты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда Кыргызстанда 2020-жылдын январь айынан бери террордук жана экстремисттик материалдарды тараткан 24 интернет-сайт, «Фейсбукта» беш, «Твиттерде» 27 жана «Ютубда» 19 канал жабылган. Булар боюнча баш-аягы соттун сегиз чечими чыккан.

Башкы прокуратуранын февралдагы маалыматына караганда, 2019-жылы экстремисттик, террористтик материалдарды таратканы жана баңгизаттарды жарнама кылганы үчүн соттун чечими менен 97 сайт, 300 баракча жана баңгизаттарды жарнамалаган 21 портал жабылган.

Коронавирус пандемиясы учурунда УКМК «фейк маалымат тараткан» деген шек менен бир топ кишини кармап, кечирим суратты.

«Евразиялыктар - жаңы толкун» фондунун апрель айындагы иликтөөсүнө караганда, Кыргызстанда социалдык тармактагы жигердүү колдонуучулар 457 миң кишиден ашкан. Анын 45,7% же жарымы «Фейсбукта» жигердүүлүгүн көрсөткөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG