Кыргызстанда бир АКШ долларынын наркы 21-сентябрда 79 сом 15 тыйынга бааланып, 0,13% кымбаттады. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жайгаштырылды.
Бир евро 93 сом 38 тыйынга бааланып, 0,38% арзандады. Орус рубли дээрлик бир жарым эсе күчүн жоготуп, бир сом төрт тыйынга барабар болуп турат.
Кийинки айларда доллардын баасы 77-78 сомдун тегерегинде болду.
2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде кармалып келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттап, 3-апрелде расмий курсу дээрлик 85 сомго жеткен. Мындай көрүнүш бир апта уланып, доллар кайра арзандай баштаган. (SE)