Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:11

Сузакта мигранттардын жардамында мектепке ашкана жана спорт аянтчасы курулду


Мектеп ашканасы.
Мектеп ашканасы.

Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Дөмөр айылына футбол аянтчасы жана айыл мектебине ашкана курулду.

Аянтчага үч миллион 178 миң сом, ашканага эки миллион сомдой жумшалган.

Каражаттын эки миллионго сомго жакынын айылдан Орусияга барып иштеп жүргөн мигранттар, калганын ишкерлер берди. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлап, Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы Таалайбек Халилов бышыктады.

Халилов мигранттардын көмөгү менен тогуз миллион сомдук футзал имараты курула баштаганын кошумчалады.

Айылга курулган футбол аянты
Айылга курулган футбол аянты

Кыргызстандан Орусияга кетип иштеп жүргөн жарандар кийинки жылдары өздөрү туулуп-өскөн айылдардын социалдык муктаждыктарын камсыз кылган иш-аракеттер көбөйгөн.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда туруктуу иштеген кыргызстандык мигранттардын саны 700 миңдин тегерегинде. Ал эми миграцияга кошо ала чыккан балдарын, ата-энелерин кошкондо миллиондон ашат. (TB)

XS
SM
MD
LG