Кыргызстанда 22-сентябрга карата 71 адамдан коронавирус табылды. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 114ү айыкты. Каза болгондор катталган жок.
Жаңы катталган учурлар:
- Баткен облусу – 20;
- Ош облусу - 17;
- Жалал-Абад облусу – 13;
- Чүй облусу - 8;
- Ысык-Көл облусу - 5;
- Бишкек шаары - 4;
- Ош шаары - 2;
- Талас облусу - 2.
Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45542 кишиге жетти. Алардын 41 796сы сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.
Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.
АКШнын Жонс Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 22-сентябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 30 миллион 500 миңге жакындады. Алардын 939 миңдейи көз жумду, 21 миллионго чукул бейтап айыкты.
Оору эң көп тараган мамлекеттер - АКШ, Индия, Бразилия, Орусия.
Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары быйыл 18-мартта аныкталган. (SE)