Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:32

Казакстан келишимдин негизинде Кыргызстанга электр энергиясын кайтара баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Электр алмашуу боюнча келишимге ылайык, Казакстан 21-сентябрдан тартып Кыргызстанга электр энергиясын кайтара баштады. «Улуттук энергохолдинг» кабарлагандай, 2020-жылдын июнь-август айларында Кыргызстан Казакстанга 300 миллион кВт/с электр энергиясын берди. Казакстан ушунча көлөмдө кайтарат. Эки өлкө ортосундагы келишим 23-июнда түзүлгөн.

«Улуттук энергохолдингдин» жетекчиси Айтмамат Назаров бул жылы суунун аздыгына байланыштуу Кыргызстан Казакстандан кыш мезгилине 500 кВт/с электр энергиясын импорт кыларын билдирген.

Учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 14,9 млрд. кубометрдин тегерегинде экени айтылууда. Бир жыл мурун 17-19 млрд. кубометр болгон. «Түндүкэлектр» ишканасы кышында электр тартыш болушу мүмкүн экенин кабарлаган.

Кыргыз өкмөтү суу тартыш болорун жыл башында божомолдогон.

XS
SM
MD
LG