«Жалалабад электро» ишканасынын электр энергиясын сатуу бөлүмүндө эсепчи болуп иштеп кеткен адамды милиция кармады. Ал миллион сомдон ашуун акчаны өзүнө ыйгарып алган деп шек саналууда.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, ал 2-сентябрда Ала-Бука районунда колго түшүп, соттун чечими менен бир айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ал 2014-2017-жылдары «Жалалабад электро» ишканасында иштеген.
2019-жылы анын үстүнөн Жазык кодексинин 205-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу») менен боюнча кылмыш иш козголуп, издөө жарыяланган.
Ишкананын басма сөз кызматы мурунку эсепчи ишенимден чыкканы үчүн 2018-жылдын 18-январында Эмгек кодексинин негизинде жумуштан бошотулганын билдирди. (SE\TB)