Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Кичиавтобус менен жүк ташуучу машине кагылышып, он киши жабыркады


Бишкек-Ош жолу.
Бишкек-Ош жолу.

Автокырсык 21-сентябрдын кечинде Бишкек-Ош жолунун 617-чакырымында, Кара-Суу районунда болгон. Кырсыктан он киши ар кандай жараат алып, ооруканага жеткирилгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган кичиавтобус менен жүк ташуучу машине кагылышып, бири өрттөнүп кеткен.

Кыргызстан - киши өмүрүн алган жол кырсыгы көп катталган мамлекеттердин бири.

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда быйыл сегиз айдын ичинде 3 474 жол кырсыгы болуп, анда 385 адам каза болгонун билдирген. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15% аз. Расмий маалыматта жол кырсыгынын 78% айдоочулардын күнөөсүнөн болгону, буга кошумча акыркы жылдары өлкөдө автоунаалар көбөйгөнү айтылат.

Расмий эсеп боюнча ушул тапта өлкөдө бир млн. 348 миң 780 автотранспорт бар. (NT)

XS
SM
MD
LG